Вице-мэрдин мурдагы фирмасы. Оштогу эң чоң жарнамалык тактайчадагы кызыкчылыктар

 Вице-мэрдин мурдагы фирмасы. Оштогу эң чоң жарнамалык тактайчадагы кызыкчылыктар

Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Пирматов 28-февралда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Прокуратура аны шаардагы эң чоң жарнамалык тактайчаны мыйзамсыз бузууга шектеп жатат.

Пирматов кармалгандан эки күндөн кийин үй камагына чыкты. Ошол эле учурда ал кызматынан да убактылуу четтетилди.

Ош шаарынын Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги эң чоң жарнамалык тактайчаны биринчи жолу «Инсайдер» ЖЧКсы курган. Жарнамалык тактайчаны курууда «Инсайдер» ЖЧКсы нын ээси Теломушев Алмаз Кенешбекович менен Рысбек Эргешов аттуу ишкер бизнес өнөктөш болгон.

Курманбек Осмоновдун уулу

Рысбек Эргешов Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Осмонов Курманбек Эргешовичтин эң кичүү уулу. Ал биздин редакцияга билдиргендей, жарнамалык тактайчаны курууга 94 миң доллардан ашык каражат сарптаган. Фирма жылына шаардык мэрияга 97 миң сом ижара төлөп турган.

«Эң биринчи келишим 2014-жылы түзүлгөн. Жыл сайын узартып турчу элек. Акыркы келишим 2016-жылдан 2021-жылга чейин беш жылга түзүлгөн. Бирок келишим бүтө электе эле бизден тартып алып башка фирмага берип салды. Биринчи биз курганда мэриянын кызматкерлери жакшы кылдыңар деп рахмат айтышкан. Бирок мөөнөтүнөн мурда келишимду бузуп, “Нурзаман” компаниясына тактайчаны буздуртту. Келишим боюнча биз бузушубуз керек эле», — деди Эргешов.

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Курстанбек Матиев Эргешовдун айткандарын тастыктады. Анын айтымында, 2019-жылдын октябрь айында «Инсайдер» ЖЧКсы менен беш жылдык келишим токтотулуп, «Нурзаман» Курулуш компаниясына беш жылга ижарага берилген.

Матиев «Инсайдер» ЖЧКсы беш жылдык келишим эмнге бузулганын так айталган жок

«Мурдагы жарнамалык тактайчаны комиссия аныктап, акт түзгөн. Анын негизинде Ашим Семетеев келишимди токтотуу боюнча буйрук чыккан. Анан эскертүү кат берилип, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмү тарабынан алып салынган. Мурун Инсайдер жылына 97 миң сом төлөсө азыр Нурзаман компаниясы эки миллион сом төлөйт», — деди Матиев.

Ал белгилегендей, жарнамалык тактайча «Нурзаман групп» курулуш компаниясына 2019-жылы декабрь айында берилген. «Нурзаман групп» компаниясы Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбековдун үй-бүлөсүнө таандык.

Вице-мэр Жасур Азимовдун мурдагы компаниясына берилген

Osoo.kg порталындагы маалыматка ылайык, «Нурзаман групп» курулуш компаниясына 2018-жылдын 23-августуна чейин Ош шаарынын азыркы вице-мэри Жасур Азимов ээлик кылып турган.

Вице-мэр Жасур Азимов бул маалыматты ырастап, бирок жарнамалык тактайчаны «Нурзаман групп» фирмасына берүүдө жеке кызыкчылыгы болбогонун билдирди. 

“Досторум менен бекер жүрбөйлү деп 2015-жылы «Юг-Строй Инвест» деген фирма ачканбыз. Бир канча тендерлерге катышканбыз. Бирок фирманын тарыхы жок болгондуктан эч ким бизге тендер берген эмес. 2018-жылы досум фирманы иштете албайт экенбиз деп сатканбыз. Кулмаматова Назгүл Токторбаевна деген жаранга сатканбыз. Ал учурда мен Алимбековдорду тааныбайт элем”, — деди Азимов.

Юстиция министрлигинин сайтындагы Кулмаматова Назгүл Токторбаевнанын номери деп көрсотүлгөн номерди гетконтакт тиркемесине салып Get contact тиркемесине салып издеп көрдүк.

Get contact тиркемесинде Медер Нурзаман, Ош шаардык кеңеши, Медер Орунбаев деген тегдерди көрүүгө болот. 

«Юг-Строй Инвест» фирмасы 2018-жылы июнь айында кайра каттоодон өтүп, Кулмаматова Назгүл Токторбаевнага өткөн. Андан эки айдан кийин Каарыев Абийир Давлетбековичке катталып, «Нурзаман групп» курулуш компаниясы деп өзгөртүлгөн. 

Жанылыктар