ОшТВ телерадиокомпаниясы

Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчи орунга чыкты

 Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчи орунга чыкты

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко UFC мушкерлеринин рейтингинде салмак категорияларына карабастан биринчи орунга жайгашты. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Буга чейин биринчи орунда жайгашкан бразилиялык мушкер Аманда Нуньес “UFC 269” турниринде Жулиана Пеньяга утулуп, чемпиондук курунан ажыраган. Мындан улам Валентина Шевченконун башкы атаандашы рейтингде үчүнчү орунга жайгашып, Валентина Шевченко биринчи орунга чыкты.

Муну менен Валентина Шевченко өз салмак категориясында жана жалпы салмакта биринчи орунга жайгашты.

26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн “UFC 266” турниринде Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфи менен кез келип, атаандашынын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.

Жанылыктар