Уюшкан кылмыштуу топтун брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды

 Уюшкан кылмыштуу топтун брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды

К.А.  аттуу уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 5 премиум класстагы брондолгон автоунаанын баасы 33 миллион сомдон ашат.

Учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар