Ушул айдан баштап 735,7 миң адам көбөйтүлгөн пенсия алат

 Ушул айдан баштап 735,7 миң адам көбөйтүлгөн пенсия алат

1-октябрга карата Кыргызстанда пенсионерлердин саны 735,7 миң адамды түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык фонддон кошумчалашкандай, пенсионерлер ушул айдан баштап көбөйтүлгөн өлчөмдө пенсия алышат.

“Пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулады. Боло турган пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түздү, бул жыл башындагы пенсиянын өлчөмүнөн 33%га же 1988 сомго жогору”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 735,7 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 4 424,3 млн сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 3 083,0 млн сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 1 341,3 млн сом кошумча керектелет.

Жанылыктар