Ушул айда бир нече күнгө электр жарыгы өчүрүлөт. Себеби

 Ушул айда бир нече күнгө электр жарыгы өчүрүлөт. Себеби

Кыргызстанда ноябрь айында бир нече күнгө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында  “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун башкы директору Айбек Айдаралиев билдирди.

Айдаралиев кошумчалагандай, Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун алкагында анын экинчи гидроагрегатынын гидромеханикалык жабдыктарын жана затворлорду оңдоо иштери аткарылды.

Учурда жабдыктардын иштөө мүмкүнчүлүгү сыноо режиминде текшерүүдөн өтүп жатат.

“Биз бардык жабдыктарды иштетип көрүшүбүз керек. Алгачкы план боюнча, агрегатты ишке киргизүү 15-ноябрга белгиленген. Бирок, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу 11-ноябрда ишке киргизүү чечими чыкты. Мындан улам, экинчи гидроагрегатты ишке берүүдө анын жанындагы агрегаттарды өчүрүүгө туура келет. Ал учурда электр тармагында дефицит пайда болуп, бүгүн жана эртең жарык үзгүлтүккө учурашы мүмкүн”, – деди ал.

Айдаралиев ноябрь айынын аягында Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты ишке берилип, анда дагы өчүрүүлөр болушу мүмкүн экенин эскертти.

 

 

 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар