Кыргызстандагы ишкер аялдарды колдоого 2 млн доллар бөлүнөт

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) Кыргызстанда аял ишкерлерди колдоого 2 млн доллар бөлөт. Бул туурасында аталган агенттиктин администраторунун орун басары Изобел Коулман өлкөгө болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.
Бул каражат аялдарга жеке балдар борборлорун ачууга жана башкарууга көмөктөшөт.
Мындан мурда Изобел Коулман КР саламаттык сактоо тармагын бекемдөөгө 4 млн доллар бөлүнөрүн билдирген. Ал каржылоо өлкөдөгү саламаттыкты сактоо системасын жана мамлекеттин ден соолукка байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүгө багытталат.