Унаалардын саны көбөйүүдө. Төрөбаев Бишкек менен Ошко айланып өтүүчү автомагистралдарды курууга чакырды

Бишкек жана Ош шаарларына азыртадан транспорттук түйүндөрдү, альтернативалык жана айланып өтүүчү автомагистралдарды долбоорлоо жана куруу ишке ашырылбаса, бул шаарлардагы тыгындар маселеси кадимки көрүнүшкө айланат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары боюнча коллегиясына катышып жатып билдирди.
Төрөбаев Транспорт жана коммуникация министрлигинин борбордук аппаратынын жетекчилерин, кызматкерлерди жаңы транспорттук айрылыштарды жана жолдорду долбоорлоо жана куруу жаатында Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен тыгыз аракеттенүүгө чакырды.
“Бишкек жана Ош шаарларында жыл өткөн сайын жашоочулардын да, катталган унаалардын да саны көбөйүүдө. Эгерде биз азыртадан транспорттук түйүндөрдү, альтернативалык жана айланып өтүүчү автомагистралдарды долбоорлоо жана куруу менен алектенбесек, бул шаарлардагы тыгындар маселеси кадимки көрүнүшкө айланат. Ыш көйгөйүн жана урбанисттердин жана экологдордун пикирин эске алуу менен бул маселеге кылдаттык менен мамиле кылуу зарыл”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.
Жыйында мындан тышкары, жарандык авиациянын, темир жол тармагынын абалы жана аны өнүктүрүү, “Түндүк-Түштүк” автожолун куруу, “Бишкек-Кара-Балта” жана “Бишкек-Нарын-Торугарт” автожолдорун реконструкциялоо (272-365-чакырымга чейин), жол тейлөө ишканаларынын техникалык базасын модернизациялоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери талкууланды.