«Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси кармалды

 «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси кармалды

Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси А.М.М. кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комиетинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмышка шектелип жатат.

“«Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Абхазиядан келген, тиешелүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн «Лексус GX-470» үлгүсүндөгү унаага Россия Федерациясынан келген делген жасалма документтердин негизинде автотранспорт каражатына каттоо күбөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номурун каттап бергендиги аныкталды, натыйжада мамлекетке 1 млн 870 миң 586 сом өлчөмүндө зыян келтирилген”,- деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын 24-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын адиси А.М.М. Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Жанылыктар