«Унаа» ишканасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

 «Унаа» ишканасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, мурда УКМКга К.И.А. аттуу жаран, автотранспортту кайра жабдууда уруксаат кагаздарын берүү үчүн акча талап кылган «Унаа» ММ кызматкерине чара көрүлүүсү туралуу арызы менен кайрылган.

9-ноябрында Кара-Балта шаарында Жайыл-Панфилов «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адиси Т.К.О. акча каражатын талап кылып алып жаткан учурунда кармалды.

 Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын ичинде «Унаа» ММ кызматкери тарабынан акча талап кылуунун башка мүмкүн болгон фактыларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар