Унаа ишканасында сынак тапшырууда аудио-видео техника колдонгон факты аныкталды

 Унаа ишканасында сынак тапшырууда аудио-видео техника колдонгон факты аныкталды

Унаа мамлекеттик ишканасында сынак тапшырууда мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, президенттин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жарлыгынын алкагында Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси ишмердүүлүгүн улантууда.

“Жогоруда аталган Жарлыкты ишке ашыруунун жүрүшүндө «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүндө теориялык сынакты тапшырууда курсанттар тарабынан аудио-видео техниканы колдонуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттердин 2 фактысы аныкталды”,- деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Жанылыктар