Ун, кумшекер кымбат. ЖКнын комитетинде азык-түлүк баасы талкууланды

 Ун, кумшекер кымбат. ЖКнын комитетинде азык-түлүк баасы талкууланды

Агрардык саясат боюнча комитеттин бүгүнкү жыйынында тамак-аш азыктарына бааларды турукташтыруу маселеси каралды.

Учурдагы азык-түлүккө болгон баалар тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Женалы Орозбаев маалымат берип, баанын кескин көтөрүлүшүнө бир канча себептерди мисал келтирди.

“Азык-түлүктүн баасынын кескин көтөрүлүшүнө биринчи кезекте экономикалык кризис себеп болот. Ошондой эле эл аралык кырдаалга байланыштуу баа жогорулайт. Мисалы, Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышуунун айынан сырттан келген товарлардын наркы өстү. Өсүмдүк майы 90 пайыз импорттолуп келет. Өзүбүздө өндүрүлбөгөндүктөн тартыштык жаралып, баа жогорулады”,-деди Орозбаев.

Талкуу маалында депутаттар антимонополия кызматы тарабынан жетиштүү чаралар көрүлбөй жатканын айтышты. Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев Монополияга каршы кызматтын баа саясатына реалдуу таасири жок, статистикалык маалыматтарды гана чогултуу менен алек экенин айтты.

“Тийиштүү укуктары, көзөмөл функциялары жок болсо, эмнеге мындай кызматты кармап, айлык төлөп жатабыз? Жыйынга келген Монополияга каршы кызматтын төрагасынын орун басары кызылча кандай баада сатылып жатканын билбейт экен, 5 сомдон деп жооп берүүдө. Ошондой эле «Кайыңды-Кант» комбинаты качан ишке кирээрин билбейт. Кечээ эле дыйкандар менен, заводдун жумушчулары менен жолуктум. Азырку учурда кызылча кабыл алуучу пункттарда кызылчанын баасы 6 сом 3 тыйынды түзөт”, – деди А.Кенжебаев.

Ал эми депутат Султанбай Айжигитов министрлер кабинетин экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты кайра карап чыгып, экономиканы турукташтыруу боюнча чукул чараларды көрүүгө чакырды.

Жанылыктар