Улуттук тарых музейине расмий ачылган күндөн бери 2 миллондон ашык каражат топтолду

 Улуттук тарых музейине  расмий ачылган күндөн бери 2 миллондон ашык каражат  топтолду

Улуттук тарых музейине 2021-жылдын декабрь айында 22 миң 500 адам киргенин  маалымат жыйынында маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди.

“Бүгүнкү күнгө карата музейдеги экспонаттардын саны 1 миң 600дөн 4 миң 500гө жетти. Ал эми тарых музейинин расмий ачылышан бери 2 млн 123 миң 200 сом каражат түштү”, – дейт министр.

Жаманкулов Кыргызстанда 118 музей иштеп жатканын эске салып, жыл ичинде музей 383 миң 277 жаранды кабыл алганын белгиледи.

Эскерте кетсек, беш жыл бою жабык турган музей былтыр 19-ноябрда  оңдоо иштеринен кийин салтанаттуу ачылган.  Алгачкы он күндө кирүү акысыз болуп,   жаңы ачылган күндөрү көрүүчүлөрдүн узун кезеги пайда болгон.

Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп-нускалары коюлган. Немис адистери аларды заманбап технологияда жасалгалап, экспонаттар мультимедиалык жабдууларга туташкан.

2016-жылы оңдоо үчүн жабылган музей коррупциялык талаштуу жагдайларга жана сот иштерине байланыштуу узакка ачылбай турган.

Жанылыктар