Улуттук банк валюта базарына 40,2 млн доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады.
Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, күн мурун, 13-февралда УБ валюта рыногуна 40 млн 220 миң доллар (бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.
Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна үчүнчү ирет интервенция менен чыгып жатат.