Улуттук банк кезектеги интервенцияны жасады

 Улуттук банк кезектеги интервенцияны жасады

Кечээ, 27-декабрда Улуттук банк валюта рыногуна 69 миллион 950 миң доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.

Башкы банк буга чейин 23-ноябрда валюта базарына ири интервенция жасап, 70 млн 300 миң доллар  саткан. Андан соң 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты.

Эске салсак, бул — жыл башынан бери жасалган он бешинчи интервенция.  Жалпы 702 миллион 950 миң доллар сатылды.

Жанылыктар