Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар экени айтылды

Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар. Бул туурасында 28-февралдагы маалымат жыйынында мекеменин атайын өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Ал бул 2021-жылдан бери казылып алынган жана өндүрүлгөн алтын экенин, аларды Улуттук банк сатып алганын белгиледи.
Карабаеванын айтымында, Улуттук банктын эл аралык алтын-валюта резервиндеги 16 тонна алтыны 87,3 млрд сомго барабар. Мындан тышкары запастагы алтын 138,5 млрд сомго тете.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда Кумтөр кени Кыргызстанга өткөн эки жылдан бери 45 тонна алтын жана 8 тонна күмүш чогулганын, алар Улуттук банкта сакталуу экенин айткан.