Улуттук банк 5,4 млн долларлык  интервенция жасады  

 Улуттук банк 5,4 млн долларлык  интервенция жасады  

Кечээ, 30-мартта Улуттук банк акча алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында 5,4 млн. долларды сатып алуу боюнча интервенция жасады. Бул тууралуу Башкы банктын басма сөз кызматы билдирди.

Валюталардын курсунун динамикасы ички валюта рыногундагы суроо—талаптын жана сунуштун балансынын негизинде аныкталат.

Кыргызстанда доллардын арзандоосу уланууда. Соңку бир күн ичинде анын сомго карата Улуттук банк аныктаган расмий курсу 6,73% төмөндөдү.

29-мартта расмий курс 94,2 сом деп аныкталган болсо, 30-мартка карата 87,9 сомго түштү. Ошол эле кезде евро (6,79%) менен рублдин (6,75%) сомго карата курсу дагы төмөндөгөн.

Кыргызстанда 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен.

Жанылыктар