Укук коргоочулар ЕККУну кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны иликтөөгө чакырды

 Укук коргоочулар ЕККУну кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны иликтөөгө чакырды

“Интербилим” коомдук уюмунун өкүлү Гүлгакы Мамасалиева кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышууга Тажикстандын ролун эл аралык иликтөөгө чакырды.

Укук коргоочу бул тууралуу 4-октябрда Варшавада өтүп жаткан Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам укуктары боюнча жылдык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

“Тажикстан былтыр апрелдеги куралдуу кол салуусунда Кыргызстандын он жай тургунун туткунга алган. Алардын тажик аскерлери жана милициясы тарабынан түрдүү кыйноолорго кабылганын Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун дарыгерлери жана юристтери тастыктаганына карабай, бул ишке алигүнчө баа бериле элек. Быйыл, сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагына алдын ала даярданып кол салды. Бул аракети менен Тажикстан Кыргызстандын элин мекендеп келген жеринен сүрүп чыгаруу максаты бар экенин ачык билдирди “, – деди Мамасалиева.

Гүлгакы Мамасалиева ЕККУну кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жараяндарында ортомчулук кылууга чакырды.

Варшава шаарында ЕККУнун адам укуктарына арналган жылдык жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандан бир катар бейөкмөт уюмдар катышууда.

Жанылыктар