ОшТВ телерадиокомпаниясы

УКТ  мүчөсү, лакап аты бар Кадырбек Досонов үй камагына бошотулду

 УКТ  мүчөсү, лакап аты бар Кадырбек Досонов үй камагына бошотулду

“Дженго” каймана аты менен таанымал криминалдык авторитет Кадыр Досонов мыйзамсыз акча өндүргөн жана жер тилкелерди басып алган деп айтыпталган. Сот аны камактан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу   күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 23-декабрда, Ош шаардык сотунун судьясы Досоновду УКМКнын СИЗОсунан бошотуу чечимин кабыл алган. Крим төбөл 2021-жылдын февраль айында камакка алынган болчу.

Досонов кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштырган деп айтыпталууда. Ушул жылдын февраль айында ал өзү Ош шаары боюнча УКМКга келип, ошол жактан кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Адвокат Назгүл Сүйүнбаеванын айтымында анын жакталуучусу катуу ур-токмокко алынган.

Жанылыктар