Украинанын ири шаарлары жарыксыз, суусуз жана жылуулуксуз калды

 Украинанын ири шаарлары жарыксыз, суусуз жана жылуулуксуз калды

Украинанын жүздөгөн шаарлары жарыксыз, суусуз жана жылуулуксуз калды.

Өлкө президенти Владимир Зеленский кечээ, 15-ноябрда Украинага дээрлик 100 ракета тийгенин айтты. Мунун айынан шаарлар жарыксыз, суусуз жана жылуулуксуз калып, интернет үзгүлтүккө учураганын билдирди.

“Украинага дээрлик 100 ракета тийди… Электр станциялары кайрадан талкаланды, жүздөгөн шаарлар жарыксыз, суусуз жана жылуулуксуз калды, интернет трафиги үчтөн экиге кыскарды”, – деди Зеленский  видео кайрылуусунда.

Украина лидери бир күн мурда өлкө аймагына негизинен энергетикалык объектилерге сокку урулганын айткан.

Ал эми Украинанын энергетика министри Герман Галущенко өлкөнүн энергетикалык системасы Россиянын кол салгандан берки эң ири ракеталык чабуулга дуушар болгонун белгиледи.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар