Украинадагы согуштан улам Кыргызстанда дагы 143 миң адам, анын ичинде 70 миң бала жакырчылыкка кептелди

 Украинадагы согуштан улам Кыргызстанда дагы 143 миң адам, анын ичинде 70 миң бала жакырчылыкка кептелди

ЮНИСЕФтин жарыяланган жаңы изилдөөсүнө ылайык, Украинадагы согуш жана инфляциянын өсүшү Кыргызстандагы 70 миң баланы жакырчылыкка түрттү, дагы 143 миң адам жакырчылыктын чегинде калат деген тобокелдик бар.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин соңку расмий маалыматына ылайык, 2021-жылы балдардын 40,5 пайызы же 1,72 миллион адам жакырчылыкта жашаган.

“Жакырчылыкта төрөлгөн жана чоңойгон ар бир үчүнчү бала бойго жеткенден кийин да өмүрүн аягына чейин жакырчылыктын сазынан чыга албайт, бул болсо оор турмушта жашаган муундун өсүп чыгышына шарт түзөт” деп айтылат изилдөө.

Изилдөө жакырчылыкта жашаган балдардын санын азайтууга жана көбүрөөк үй-бүлөлөрдүн финансылык абалынын начарлашына жол бербөөгө шарт түзгөн алкактык чараларды аныктап чыкты. Алар:

  • балдарга универсалдуу негизде акчалай жөлөкпулдарды берүү жана кепилденген минималдуу кирешени камсыз кылуу;
  • социалдык колдоо жөлөкпулдары бардык муктаж болгон үй-бүлөлөргө, анын ичинде качкындарга жетиши үчүн анын масштабын кеңейтүү;
  • айрыкча аялуу балдар жана үй-бүлөлөр үчүн социалдык чыгымдарды коргоо;
  • кош бойлуу энелерге, ымыркайларга жана мектепке бара элек балдарга саламаттыкты сактоо, тамактануу жана социалдык камсыздоо кызматтарын көрсөтүүгө колдоо берип, буларды коргоо;
  • үй-бүлөлөр үчүн негизги азык-түлүктүн баасын жөнгө салууну киргизүү.

 

 

 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар