Украинадагы согушта каза болгон Орусиянын жоокери Жалал-Абадда жерге берилди

Бүгүн, 30-май күнү Украинадагы согушта каза болгон Орусиянын жоокери, Сыргакбек Өзүбеков кичи мекени Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн акыркы сапарга узатылды. бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору билдирди.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Орусиядан маркумду жеткирип келген аскер кызматкерлери, ата-энеси, туугандары жана айыл тургундар катышты.
Сыргакбек Өзүбеков 21 жашта болгон. Ал Кыргызстанда төрөлүп өсүп, Жалал-Абад шаарындагы мектептердин бирин аяктаган соң Орусияга иштөөгө барып, жарандык алган.
Буга чейин да Кыргызстанда төрөлүп өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган аскерлер каза болуп, алардын сөөгү да Кыргызстанга алып келинген.