Украинадагы салгылашуудан кийин кызыккандар көбөйдү. Польша “Байрактар” учкучсуз аппаратын алат

Туркия октябрь айында Байрактар TB2 учкучсуз аппараттарды Польшага жеткире баштайт. Бул тууралуу Baykar Makina компаниясынын директору Халук Байрактар Анадолуга берген маегинде билдирди.
Ал Украинадагы согуштук аракеттерден улам Байрактар TB2 аппаратын сатып алууга кызыккандар көп болуп жатканын кошумчалады.
Туркиянын Польшага Байрактар учкучсуз учактарын жеткирүү келишимине кол койгону өткөн жылдын май айында белгилүү болгон. Польшанын коргоо министри белгилегендей, Польша 24 даана учкучсуз аппарат сатып алат.
Туркия мындай учактарды Украинага да жеткирет. Киев биринчи жолу Туркиядан учкучсуз учактарды 2019-жылы сатып алган.