Украинадагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо аракети көрүлүүдө

 Украинадагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо аракети көрүлүүдө

Украинада аба каттамдары токтогондуктан ал аймактагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Учурда Украинадагы элчиликке мекенине кайтууну каалаган 300 кыргызстандык кайрылган.

Аталган өлкөдө ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. ТИМ учурда негизги максат кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгилейт.

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин байланыш номурлары:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын номурлары:

+996 551 312 000

+996 703 428 865

+996 709 983 465

+996 554 065 215

Жанылыктар