Украинада согуш башталгандан бери жалпы 559 кыргызстандык эвакуацияланды

Украинада согуш башталгандан бери жалпы 559 жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов «Фейсбук» баракчасына жазды.
Украинанын аймагында 1357 кыргыз жараны жашайт (болжолдуу маалыматтар, алардын 680и элчиликтин консулдук каттоосунда турат.
Элчинин маалыматына караганда, акыркы убакта элчиликке жардам сурап кайрылгандардын саны өсүүдө. Украинанын аймагында учурда 93 кыргызстандык калууда. 8-мартта кезектеги эвакуациядан кийин 71 жаран калган болчу, бирок акыркы 2 күндө дагы 22 кыргызстандык жаран жардам сурап кайрылган.
Азыркы күндө согуш зоналарында төмөнкү жарандар калууда:
— Николаев району-10;
— Киев облусу — 3 (1 үй-бүлө);
— Житомир району, Панасивка айылы — 3;
— Харьков — 6 (баары баш тартты);
— Киев — 9 (баары баш тартты).
Электр жарыгы өчүрүлгөндүгүнө байланыштуу алардын айрымдары менен байланыш үзгүлтүккө учурап, байланыш туруктуу эмес. Жарандардын бул тобу гуманитардык коридорлор аркылуу эвакуациялана тургандыгы күтүлүүдө. Аларды уюштуруу украин тарап менен такталууда.
“Калган 93 адамдын 50%ы түрдүү себептер менен эвакуациядан баш тартышты (үй-бүлөлүк, турмуш шарттык, ишкердик ишмердүүлү, туугандарынын ден соолугунун абалынын начарлыгына жана башка). Одессада жашап, иштеп жүргөн 6 жаран кызматтык жана коммерциялык себептер боюнча шаарды таштап кетүүдөн баш тартышты.
Полшага согуш аймактарынан чыгарылган биздин жарандарыбыз тынчыраак аймактарда бизнесин улантуу үчүн аларды Украинанын аймагына кайтарып берүү өтүнүчү менен бизге кайрылган бир нече фактылар бар”, — деп жазган Кадыркулов.