Украинада өлкө боюнча аскердик абал жарыяланды

Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына аскердик абал киргизилгенин билдирип элине кайрылуу жасады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Биз өлкөнүн бардык жерине аскердик абал киргизип жатабыз», — деген Зеленский.
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин да элине кайрылып, Донбасста аскердик операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган.
Учурда Киевде, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, атышуу тууралуу маалыматтар тарап жатат.
Өлкөнүн аба кыймылын тейлеген «Украэрорух» мамлекеттик ишканасы коопсуздуктан улам өлкөнүн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын билдирди.