Украина: Россия согушта Тажикстандагы курал-жарак запасын колдонууга ниеттенүүдө

 Украина: Россия согушта Тажикстандагы курал-жарак запасын колдонууга ниеттенүүдө

Украин бийлиги Орусия Тажикстандагы курал-жарактардын запасын согушта колдонууга жана бул аймакта жайгашкан орус базаларындагы аскер кызматкерлерин фронтко жөнөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

“Кремль Украинага каршы согушта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ресурстарын колдонууга аракет кылып жатат. Орусияны биринчи кезекте советтик ок-дарылардын запасы менен аскер техникаларынын тетиктерин толуктоо мүмкүндүгү кызыктырып жатат”, – деп билдирди Украинанын Чалгын кызматы.

Мекеменин маалыматына караганда, жакында эле Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык маселелери боюнча федералдык кызматы Тажикстандын Коргоо министрлигине кайрылып, “Ураган” ракеталык системалары үчүн 220 миллиметрлик реактивдүү снаряддарды сураган. Ошондой эле Орусияны “Пион” деп аталган өзү жүрүүчү артиллериялык системалар үчүн Тажикстандын аскердик кампаларында сакталып турган 203 миллиметрге чейинки ок-дарылар, БМП-1 жана БМП-2 үчүн УТД-20 кыймылдаткычтары кызыктырган.

Мындан тышкары Тажикстандын Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин отставкадагы кызматкерлерине Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүп, Украинадагы согушка катышуу сунуштары айтылганы кабарланууда.

Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фаридун Махмадали журналисттерге бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Жанылыктар