Украина армиясынын тең жарымын жоготкону айтылды

 Украина армиясынын тең жарымын жоготкону айтылды

Украина армиясынын тең жарымын жоготту. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Анын маалыматына караганда, алгач украин аскерлеринин жалпы саны 200 миңдей болгон. Куралдуу жаңжалдан кийин жарадарларды кошкондо жүз миңден ашуун адамын жоготту. Башкача айтканда, украин армиясынын жарымы жок кылынды.

“Украинанын куралдуу күчтөрү болжол менен 201-202 миң адамды түзгөн. Алардын 100 миңден ашууну жок болду. Ошол эле учурда 61 миң 207 адам каза болуп, 49 миң 368 адам жарадар болгон. “, – деди Шойгу.

Жанылыктар