Украина айына 4-5 млрд доллар бюджеттик жардам алууну күтүүдө

Украина айына 4 миллиард доллардан 5 миллиард долларга чейин бюджеттик жардам алууну күтүүдө. Бул тууралуу Зеленскийдин экономикалык кеңешчиси Александр Роднянский Германиянын Funke редакциясына берген маегинде билдирди.
Президенттин кеңешчиси Германия 2023-жылы Киевге айына 500 миллион доллардай акча бере аларын кошумчалады.
Ал эми Евробиримдиктен Украина айына болжол менен 2 миллиард доллар өлчөмүндө жардам күтүүдө.