УКМКнын жасалма күбөлүгүн көрсөтүп дарыканадан акча талап кылган жаран кармалды

 УКМКнын жасалма күбөлүгүн көрсөтүп дарыканадан акча талап кылган жаран кармалды

Кечээ, 24-январда саат 15:45тер чамасында “102” кызматына Бишкектин Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыканада эркек адам акча талап кылып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милициянын кайгуул кызматы айтылган дарекке барганда, 41 жаштагы У.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ага  белгисиз жаран өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштерин айтып, белгисиз кызматтык күбөлүгүн көргөзүп, акча талап кылган.

Милиция ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, шектүү катары 35 жаштагы Ж.А. аттуу жаранды кармаган. Шектүүнүнү кызматтык күбөлүгүн текшерүү учурунда жасалма экендиги аныкталган.

Кармалган жаран Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 379-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Жанылыктар