УКМКнын жалган кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

 УКМКнын жалган кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМКнын жалган кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди. 

Маалыматка ылайык, 1500 доллар опузалап, 14 000 (он төрт миң) сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен И.Ы.А. аттуу УКМК Коррупцияга каршы кызматынын жалган кызматкери кармалды.

Жеке тинтүү учурунда УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын КР С.Н.К. аттуу жаранынын наамына берилген кызматтык күбөлүгү табылды.

“24-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад айылындагы «Жума» мечитинин имамы А.Т. жана Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын баш имамы М.И., 2022-жылдын 24-июнунда сүйлөшүү учурунда кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, оорулуу кызына жардам берүү шылтоосу менен А.Т. жана М.И. 1500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган КР УКМК кызматкерине карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда И.Ы.А. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жанылыктар