УКМКнын жалган кызматкери опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды

 УКМКнын жалган кызматкери опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды

Таласта УКМКнын кызматкеримин деп жарандан акча талап кылган шектүү кармалды.   Ал «Т.Г.М.» аттуу жарандан 300 миң сом талап кылып, жакын тууганына карата Талас облусунун соту жана прокуратурасы тарабынан оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүп берем деп алдаган.

Кечээ, 4-март күнү Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Алмадчылык) туралуу «Т.Г.М.» аттуу жарандын арызы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, талап кылган акча каражатынын 200 миң сомун алып жаткан учурунда «Ж.Т.Ш.» аттуу жаран кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар