Телерадиокомпания

УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмү жаңы имараттуу болду

 УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмү жаңы имараттуу болду

Бүгүн, 2021-жылдын 24-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземге облустук атайын кызматтын жергиликтүү өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган жана иштөө шарттары талапка жооп берет.

Мындан тышкары, КР УКМКнын Нарын облусу боюнча имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, имараттын алдыңкы бөлүгү толугу менен жаңыланып, спорт залы да пайдаланууга берилди.

Жанылыктар