УКМК:Дары-дармекти мыйзамсыз ташыгандар кармалды

 УКМК:Дары-дармекти мыйзамсыз ташыгандар кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өлкөгө аткезчилик жолу менен дары-дармек ташып келген жаран кармалганын кабарлады.Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын К.К. аттуу жараны транспорттук кароодон өткөрүү линиясында “тиричилик буюмдары” үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Ал башкарган “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган дары-дармектер табылган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.
Былтыр күзүндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев фармацевтикадагы мафияга мамлекеттик кызматта иштегендер дагы аралашып кеткенин айткан.

Жанылыктар