Телерадиокомпания

УКМКда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

 УКМКда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинде жана УКМКнын алдындагы Чек ара кызматында бир катар кадрдык өзгөрүүлөргө кол койду. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Өлкө башчысы кол койгон тескемеге ылайык, Жанибек Жоробаев УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулуп, ордуна Абдыкадыр Разаев дайындалды.

Ал эми, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору Жоробаев Жанибек Суюнбаевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, Курсанбек Бекташов УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – башкы штабдын начальниги кызматынан бошотулуп, ордуна Марат Маралбаев дайындалды.

Жанылыктар