УКМК: Жоокерлер ант берди

 УКМК: Жоокерлер ант берди

Бүгүн, 29-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 64479-аскер бөлүгүндө күзгү чакырылыштагы жаштардын толуктоосунун Аскердик ант берүү аземи өттү. 

Иш-чарага УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, 64479-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жана  УКМКнын ардагерлери, ата-энелер катышты.

“Ачылыш аземинде Камчыбек Ташиев жаш жоокерлерге ак ниет кызматты, кынтыксыз тартипти жана бардык билимди жогорку деңгээлде өздөштүрүүсүн каалады. Ошондой эле, аскерге милдеттүүлөрдүн аскердик милдетин өтөп, аскердик билимди өздөштүрүүсүнө бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи”,-деп айтылат маалыматта. 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар