УКМК: Жогорку Кеңештин үч депутатынын диплому жасалма деп шек саналып жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма диплом колдонуу фактылары боюнча текшерүү иштери уланып жатканын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мамлекет башчысынын тапшырмасынын алкагында бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүү жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө жасалма диплом колдонгон жана кош жарандыгы бар деген шек менен текшерүүнүн материалдары боюнча:
- Жогорку Кеңештин 3 депутаты,
- Жогорку Кеңештин 2 экс-депутаты,
- Жогорку Кеңештин депутаттыгына 9 талапкер,
- 1 министр,
- Шаардык кеңештин 3 депутаты,
- 1 судья,
- 1 мурдагы судья,
- Эсеп палатасынын 2 кызматкери,
- Прокуратуранын 1 кызматкери,
- Ички иштер органдарынын 15 кызматкери,
- УКМКнын чек ара кызматынын 2 кызматкери,
- Жазаларды аткаруу кызматынын 1 кызматкери,
- ЭжФМ алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын 1 кызматкери,
- Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 6 кызматкери,
- Тышкы иштер министрлигинин 6 кызматкери,
- Экономика жана коммерция министрлигинин 1 кызматкери,
- Транспорт министрлигинен 2 кызматкер,
- Айыл чарба министрлигинен 4 кызматкер,
- Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2 кызматкер,
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен 2 кызматкер,
- ДИМКдан 1 кызматкер,
- Саламаттыкты сактоодон 2 кызматкер,
- Билим берүү тармагында 40 кызматкер,
- Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен 1 кызматкер,
- Социалдык фонддун 3 кызматкери,
- «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын 1 кызматкери,
- «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин 1 кызматкери,
- Мамлекеттик архивдин 1 кызматкери,
- банк тутумунан 2 кызматкер,
- 2 адвокат,
- 1 массалык маалымат каражаттар