УКМК: Жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталды

 УКМК: Жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталды

Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталып, бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, Кыргызстандын Бажы кызматынын «Манас» МБК бажысы менен бирдикте Бишкек шаарындагы почта ишканаларынын биринин дарегине Кытайдан келген Өзбекстан мамлекетинин алкоголдук продукциясына жасалма акциздик маркалары аныкталды.

Бул боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагында бир катар жарандар кармалган.

УКМК аталган иш-чаралар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы этабын көрсөтүп, достук жана жакшы коңшулук мамилелерди сактоого багытталганын белгиледи.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар