УКМК: Жалал-Абадда спирт ичимдиктерин мыйзамсыз өндүргөн адамдар кармалды

 УКМК: Жалал-Абадда спирт ичимдиктерин мыйзамсыз өндүргөн адамдар кармалды

Кечээ, 7-сентябрда Жалал-Абад шаарында колго жасалган алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы аныкталып, кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз түрдө алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн Жалал-Абад шаарынын тургундарына карата  Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесине (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) ылайык кылмыш иши козголду.

Үч дарек боюнча тинтүү жүргүзүү учурунда, жасалма алкоголдук ичимдиктер, жасалма акциздик маркалар, алкоголдук ичимдиктерди сатуудан түшкөн акча каражаттары, ар кандай фильтрлөөчү шаймандар табылган.

Сатуу иштери Жалал-Абад облусунун аймагындагы дүң соода түйүндөрүндө жана салтанаттуу мааракелерди жана иш-чараларды өткөрүүчү коомдук тамактануучу жайларында жүргүзүлгөнү аныкталды.

Ошол эле учурда контрафакттык продукция калктын ден соолугуна потенциалдуу зыян келтирүүдө, анткени, продукциялар сапатсыз, каттоодон өткөн эмес жана текшерилбеген, ошондой эле өндүрүш жана керектөө көзөмөлсүз калууда.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жанылыктар