УКМК: Жалал-Абадда ПЦР-тестти жасалма даярдаган лаборатория кызматкерлер кармалды  

 УКМК: Жалал-Абадда ПЦР-тестти жасалма даярдаган лаборатория кызматкерлер кармалды  

Жалал-Абад шаарындагы Medicana Plus диагностикалык лабораториясынын QR-коддору менен жыйынтыгы таза чыккан ПЦР анализдердин жасалма электрондук тастыктамасын даярдагандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул лабораториянын кызматкерлери авиакассада иштегендер менен алдын-ала сүйлөшүп алып, Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөн жарандарга жасалма ПЦР-анализдерин сатып жүрүшкөн. Тесттин бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин болгон.

Жарандар тест тапшырбай эле Medicana Plus лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери А.М. аттуу жаранга Whatsapp мессенжери аркылуу жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип турган.

Ушундай эле схема Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарында да аныкталган. Лабораториянын жергиликтүү филиалынын медайымы З.С. ПЦР тесттерин жүргүзүп, «Finca Elsom» төлөм системасынын терминалдары аркылуу «Medicana Plus» компаниясынын башкы кеңсесине акча каражаттарын которгон.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүмү (документ жасоо) менен катталган. Учурда бул коррупциялык схеманын бардык жагдайларын тергөө иш-чаралары уланууда.

Жанылыктар