УКМК: уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды

 УКМК: уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды

О.Т.Т. аттуу кыргыз жаранын уурдап кеткен, Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу эки жараны Наманган облусунан кармалып, Өзбекстандын МККнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул туурасында Кыргызстандын УКМК кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 28-февралында УКМКга О.С.Т. аттуу кыргыз жараны белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстандын аймагына О.Т.Т. аттуу агасын уурдап кетишкени тууралуу айтып, барымтада кармалып турганын бошотуу боюнча кайрылган.

Такталгандай, жогоруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен (Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан) «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу  «О.Т.Т.» аттуу жаранды Өзбекстан Республикасына алып өтүп кетишип, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2023-жылдын 7-мартында уурдалган О.Т.Т. Кыргызстанга алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Учурда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы айтылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар