УКМК: Террористтик ячейканын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

 УКМК: Террористтик ячейканын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террористтик уюмдарды каржылоо жана жасалма документтерди берүү менен алектенген өзүнчө террористтик ячейкалардын ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлганын билдирди. 

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жыйынтыгында тыюу салынган эл аралык “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жана “Жихад тобунун” (“Ислам жихады биримдиги”) мүчөлөрүнө акча каражаттарын которуу фактылары жана ошондой эле 2016-жылдын август айында Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин аймагында болгон террордук актынын уюштуруучулары аныкталган.

Мындан тышкары, террористтик уюмдардын согушкерлерине жасалма паспортторду даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы паспортторун (уурдалган/жоголгон же күрөө менен калтырылган) Түркия Республикасынын аймагына өткөрүп берүүнү ырастоочу экендигине маалымат алынган.

Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында террористик иш-чаранын жүрүшүндө террористтик топтун активдүү кызматкери, КР жараны «Б.Э.А.» кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар