УКМК Аравандын Тепе-Коргон айылдык кеңешинин депутатын кармады

 УКМК Аравандын Тепе-Коргон айылдык кеңешинин депутатын кармады

Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айылдык кеңешинин депутаты кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, 479 а контурунда жеке турак-жай куруу үчүн Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде 47 жер тилкелери бөлүнүп,  идентификациялык код берилгени аныкталды, анын ичинен “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Араван филиалы тарабынан 43 жерге жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылар мыйзамсыз түрдө катталган.

Инвентаризациялык тизмеден алынган билдирүүгө ылайык, №479 а контурдагы жердин аталышы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына кирүүчү “чөп сактоочу жай” катары көрсөтүлгөн.

2023-жылдын 14-февралында А.М.Х.нын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүүнүн натыйжасында, жер тилкелерин берүү боюнча айыл өкмөтүнүн токтомдорунун, жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө токтомдордун түп нускалары, жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылар, ошондой эле иш үчүн мааниси бар документтер табылып алынган.

2023-жылдын 15-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорудагы кылмышты жасоого айыпталып Тепе-Коргон айылдык кеңешинин депутаты, 1980-жылы туулган А.М.Х кармалып, Ош шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралып КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар