УКМК Ташиевге таандык унаанын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча түшүндүрмө берди

 УКМК Ташиевге таандык унаанын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча түшүндүрмө берди

УКМК Камчыбек Ташиевге таандык Land Cruiser 300 кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматта айтылганай, окуянын чоо-жайын тактоо учурунда Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу “Манас” аэропортунан Бишкекке келе жатканы белгилүү болду. Трассада Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаарынын тургунунун скутерин жөөлөп кеткен.

Окуянын катышуучулары бул жол кырсыгын тынчтык жолу менен чечишти.

Белгиленгендей, жабыркагандар болгон жок. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутердин айдоочусунун абалы канааттандырарлык, бир аз жеңил жаракаттар ​​бар. Ошол эле учурда скутердин айдоочусу өзү буга чейин социалдык тармакта Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна дооматы жок экенин билдирген.

Жанылыктар