УКМК: Сокулукта социалдык фонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

 УКМК: Сокулукта социалдык фонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 19-январда Чүй облусунун Сокулук райондук социалдык фонд башкармалыгынын жетектөөчү адисин пара алып жаткан жеринен кармады. 

Атайын кызмат тараткан маалыматта 17-январда Сокулук районунун тургуну Социалдык фонд башкармалыгынын «З.Э.З.» аттуу кызматкерине акыркы 10 жылда төлөнгөн социалдык чегерүүлөр боюнча көчүрмө алуу боюнча кайрылган.

Өз кезегинде “З.Э.З.” буга чейинки социалдык чегерүүлөр боюнча маалымат менен таанышып чыгып, анын айрым бир мыйзам бузуулары бар экенин айтып, буга байланыштуу ал акчалай сыйлык үчүн анын маселесин оң жагына чечип берүүнү сунуштаганы аныкталган.

Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар