УКМК: президенттин Баткендеги атайын өкүлү дипломду мыйзамсыз алган

 УКМК: президенттин Баткендеги атайын өкүлү дипломду мыйзамсыз алган

????????????????????????????????????

Президенттин Баткен районунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Рахимов Мамыржан Тойчиевичтин жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2004-жылы Р.М.Т., Баткен мамлекеттик университетинде окуганы тууралуу жасалма академиялык аттестат менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридика факультетине мыйзамсыз тапшырган. 2005-жылы Р.М.Т. кайрадан Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 6-курсуна которулган. Жасалма академиялык сертификатты колдонуу менен Р.М.Т. жогорку билими тууралуу диплом алууга негиз болгон.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмүндө (Документтерди жасалмалоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат

Жанылыктар