УКМК: пара талап кылган милиция кызматкерлери кармалды

 УКМК: пара талап кылган милиция кызматкерлери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 4-февралда Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, Каракол шаардык ИИБ тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты «Т.Б.Т» жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын капитаны «А.К.Т.» сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн акча каражатын талап кылышкан.

Иш боюнча топтолгон далилдердин негизинде КР Кылмыш-Жаза кодексини 343-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Каракол шаардык ИИБ тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери кармалып КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Түп ИИБ тергөө камак жайына киргизилишти.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар