УКМК: пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ушул жылдын 1-мартында жактоочунун жардамчысы Б.А.М. аттуу жаран кармалганын билдирди.
Буга чейин УКМКнын дарегине А.Б.Э аттуу жаран, Аламүдүн райондук сотунун Б.А.М. аттуу кызматкери соттун чечимин тездетүү үчүн опузалап акча талап кылгандыгына чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган.
Натыйжада 1-март күнү Аламүдүн сотунун имаратынын жанынан пара катары акча алуу процессинде адвокаттын жардамчысы Б.А.М. кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.