УКМК: Ошто санэпид көзөмөлдөө борборунун жетекчиси кармалды

 УКМК: Ошто санэпид көзөмөлдөө борборунун жетекчиси кармалды

Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору Санталат Орозбаева кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, атайын кызмат мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жана саламаттыкты сактоо тармагындагы башка ведомстволордун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин абийирсиз аткаруусун жана коррупциялык көрүнүштөрүн аныктаган.

“УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош шаардык Оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөл кызмат адамдары тарабынан жеке ишкерликтин субъекттерине карата пайда көздөө максатында контролдук-көзөмөлдөө иш-милдеттери системалуу түрдө аткарылган эмес”,- деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда, 2022-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары “О.С.М.” кармалып, Кыргыз Республикасынын  УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча керектүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар