УКМК Ошто милициянын полковниги бангизат таркатууга шектелип кармалганын билдирди

 УКМК Ошто милициянын полковниги бангизат таркатууга шектелип кармалганын билдирди

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери баңгизат таркатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, 1-апрелден 2сине караган түнү саат 03:15 чамасында 894 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңгизатын белгиленген жерге бекитип таркатып жүргөн жеринен милицияныфн эки кызматкери кармалган.

Алар Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнун (УККБ) башчысы, милициянын подполковниги 1982-жылы туулган А.У.К. жана Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн (МККБ) 4-взводунун кенже инспектору 1998-ж.т. Т.у.А. болгон.

Жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги затын ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду.

Факты кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жанылыктар