УКМК Ошто милиция кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармады

 УКМК Ошто милиция кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармады

Кечээ, 2-мартта 20 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Б.Т.А. кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, кармалган Б.Т.А. ишкерден анын маселесин оң жагына чечип берүү үчүн опузалап пара талап кылгандыгынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар